• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош: Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды

Аймак 0

Бишкек, 06.05.22. /Кабар/. Ош облусундагы Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 4-май түнү саат 21:30дар чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон сел жүрүп, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-54-чакырым аралыктарын сел суулары каптап, кум-шагылга толуп, унаа жолу жабылган.

5-май күнү жүргүзүлгөн тазалоо иштеринин натыйжасында унаа жолу бир тараптуу ачылган. Бүгүн да тазалоо иштерин улантууга №956 Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылды.

Маалыматта белгиленгендей, кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий