• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош: Навои паркы ирээтке келтирилип, оңдоо иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 30.07.19. /Кабар/. Ош шаарындагы А. Навои атындагы парктын кире беришиндеги бузулуп кеткен тепкичтер оңдолуп, жолдогу талкаланган таш тамандар (брусчатка) жаңыдан басылууда.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, парктын ичиндеги соода күркөлөрүнүн сырты жакшыртылып, балдар ойноочу аттракциондордун айланасы кооздолууда.

Июль айынын башында шаар мэри Таалайбек Сарыбашов эс алуучу жайларын күтүүсүз текшерүүгө алып, Навои паркынын абалын сынга алган. Мэр парктын абалын жакшыртуу, тазалыгын сактоо боюнча тапшырма берип, кайра текшере турганын билдирген.

Аталган паркты ишкерлер убактылуу ижарага алып иштетүүдө.

Пикир

Оставить комментарий