• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ош–Ноокат–Раззаков жолун реконструкциялоо жазында башталат

Аймак 0

Бишкек, 28.01.23. /Кабар/. Ош–Ноокат–Раззаков жолун реконструкциялоо жаз айларында башталат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-январда, транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев, Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов жана жол тармагындагы тиешелүү адистер аталган жолдун абалы менен таанышып чыгышкан.

Таанышуу учурунда Ош–Ноокат–Раззаков жолунун Ноокат районундагы кооптуу участкаларына реконструкциялоо иштери жаз айларында башталары, учурда долбоорлоо жумуштары жүрүп жатканы айтылды.

Пикир

Оставить комментарий