• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош облустар аралык инфекциялык оорукана убактылуу жабылды

Аймак 0

Ош, 08.02.21. /Кабар/. Оштогу облустар аралык жугуштуу оорулар ооруканасы февралдын аягына чейин убактылуу жабылды.

Учурда аталган оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө оңдоо иштери жүрүп жатат, оңдоо иштери ушул жылдын февраль айынын аягына чейин бүткөрүлөт.

Оорукананы оңдоо иштери Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, “COVID- 19га каршы тез реакция кылуу” долбоорунун алкагында жүрүп жатат.

Долбоордун максаты – COVID-19 пандемиясына реакция кылуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөөдө алдын алуу чараларына байланыштуу дары-дармектерди, чыгым материалдарын жана медициналык жабдыктарды сатып алуу, андан тышкары саламаттыкты сактоо уюмдарында шарттарды жакшыртуу жолу менен КР Өкмөтүнө колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий