• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Абдибаит Тажибаевге "Манас" ордени тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. Ош облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Абдибаит Тажибаевге "Манас" ордени тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев Ош облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы, белгилүү коомдук ишмер Абдибаит Тажибаевди 90 жылдык мааракеси жана Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттукташты. Ошондой эле Абдибаит Тажибаевге президенттин куттуктоо каты жана КРнын lll даражадагы "Манас" ордени тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий