• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош облустук ички иштер башкармалыгы милиционер айымдарды куттуктады

Аймак 0

Бишкек, 08.03.22. /Кабар/. Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын начальниги Жеңишбек Абитов 8-март - Аялдардын эл аралык күнүнѳ карата ички иштер органдарында кызмат ѳтѳп ардактуу эс алууга чыгышкан жана учурда кызмат ѳтѳп жаткан аялзатын куттуктады. Бул тууралуу облутук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чара КР Ички иштер министри Улан Ниязбековдун асыл зат айымдарды майрамы менен куттуктоосун жеткирүү менен башталды.

Андан ары министрликтин Буйруктары окулуп, ѳз кызматында ѳзгѳчѳлѳнгѳн майрам ээлерине медал жана ардак грамоталар тапшырылды. Иш чаранын жүрүшүндѳ милиционер аялдардан сырткары кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда баатырларча курман болгон милиция кызматкерлеринин жубайларын да майрамы менен куттуктап, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын баалуу сыйлыктары тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий