• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош облустук куурчак театры бюджеттик каражатты мыйзамсыз пайдаланган

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.01.22. /Кабар/. Ош облустук прокуратурасы тарабынан бюджеттик каражаттарды пайдаланууда мыйзам бузууларды аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Н.Шамурзаев атындагы Ош облустук куурчак театры тарабынан музыкалык жана чарбалык эмеректерди сатып алуу боюнча жүргүзүлгөн тендердин жыйынтыгы менен “О.М.Б.” жоопкерчилиги чектелген коому жеңүүчү деп табылып, ортодо жалпы суммасы 1 млн 490,9 миң сомдук келишим түзүлгөн.

Бирок, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, облустук куурчак театрынын жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, тендерде көрсөтүлгөн керектүү музыкалык жана чарбалык эмеректердин баарын кабыл албай туруп аталган ЖЧКнын дарегине келишимдин толук суммасын, тактап айтканда 1 млн 490,9 миң сомду мыйзамсыз которуп жиберишкендиги аныкталган.

Ошондой эле, түзүлгөн келишимдин негизинде театрга иш жүзүндө 399,7 миң сомдук музыкалык эмеректер гана келип түшкөндүгүнө карабастан, театрдын жетекчилиги жогорудагы кылмыштуу аракеттерин жашыруу максатында музыкалык жабдууларды жана башка чарбалык буюмдарды театрга толук кириштелгендиги жөнүндө жалган маалымат камтыган кабыл алуу актысын түзүшкөн.

Натыйжада мамлекетке 1 млн 91,2 миң сомдук материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Ош облусунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иш козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий