• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош облустук куурчак театрынын 31 жылдыгы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 03.10.22. /Кабар/. Надырбек Шамырзаев атындагы Ош облустук куурчак театрынын түзүлгөндүгүнүн 31 жылдыгына карата театралдаштырылган оюн-зоок болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун куттуктоосу айтылып, анда театрдын жамаатынын чыгармачылыгынын өсүп келе жаткан муунга кошкон салымы белгиленди.

Майрамдык программанын жүрүшүндө көрүүчүлөргө бир катар балдар жомоктору, спектаклдер көрсөтүлдү. Аталган иш-чарага интернаттын тарбиялануучулары, аз камсыз болгон жана социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдүн балдары чакырылган.

Пикир

Оставить комментарий