• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облустук статистика башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды

Аймак 0

Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Ахмаджан Махаммадов ротация жолу менен Ош облустук мамлекеттик статистика башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиелешүү буйрука Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Самат Насирдинов кол койгон.

Бүгүн, 3-августта, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев жаӊы дайындалган жетекчини жамаатка тааныштырды.

Ахмаджан Махаммадов буга чейин Кыргыз Республикасынын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн орун басары болуп эмгектенген.

Пикир

Оставить комментарий