• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто офицерлердин жубайларына медалдар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 07.12.21. /Кабар/. Ош облустук милициясында офицерлердин жубайлары «Офицердин жубайы» медалы менен сыйланды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 6-декабрында Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын саптык аянтчасында туу көтөрүү аземи өттү. Аталган аземдин жүрүшүндө КР гимни аткарылып, Ички иштер министрлигинин буйруктары окулуп, Ош ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын начальниги Б.Матисаковго милициянын полковниги кезектеги атайын наамы ыйгарылып, кызматка жаңы дайындалган кызматкерлердин дайындалгандыгы боюнча буйруктар жеткирилди.

Андан соң ИИМдин ардагерлер кеңешинин төрагасынын буйругу менен «Офицердин жубайы» медалдары тапшырылды.

Аталган медаль менен КР Ички иштер министрлигинде кызмат өтөп жаткан милициянын подполковниги Канат Шакировдун жубайы Аксаамай Эшбаева жана ардактуу эс алууга чыккан милициянын отставкадагы подполковниктери Мухаматмурза Шатмановдун жубайы Мамажанова Имигүлсүн, Бекмурат Боронбаевдин жубайы Гүлнара Боронбаева, милициянын отставкадагы майорлору Жусупбек Токторовдун жубайы Райкан Жусупова, Асадбек Туратовдун жубайы Уулбүбү Раимкулова, ошондой эле маркум Касенбек Абдылдаевдин жубайы Мыскал Алиева сыйланышты.

Ошондой эле жалпы сыйлык ээлерин Ош ОИИБдин начальниги Жеңишбек Абитов куттуктады.

Пикир

Оставить комментарий