• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облустук милициясынын башчысынын м.а. Абитов Кара-Суу районунун эли менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Жеңишбек Абитов Кара-Суу райондук милициясынын башчысы Акунбеков Арабидин менен биргеликте 25-январь күнү Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагынын эли менен жолугушту.

Облустук милициядан билдиришкендей, жолугушуу учурунда Сарай айыл аймагынын жашоочулары милициянын жетекчилигине айылдагы жаралып жаткан көйгөйлүү маселелерди чечип берүү жагын айтып кайрылышты.

Аталган айыл аймактын жашоочулары таза суу маселеси чечилбей жаткандыгы, мектептин жанында жол чырактар жакшы иштебегендиги, ошондой эле жөө жүргүнчүлөр өтүүчү белгилер коюлбай, тийиштүү сызыктар сызылбагандыктан окуучулардын жолдон өтүүсү кооптонууну жаратып жаткандыгын, жол транспорт кырсыктарын болтурбоо жана алдын алуу үчүн кошумча жол кыймылын көзөмөлдөө кызматын бөлүп берүүнү суранышты. Ошондой эле жаш өспүрүмдөр менен иштешүүдө жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо боюнча иштерди жандандыруу керектигин белгилешти.

Жеңишбек Абитов кайрылган жарандардын арыз-даттануулары облустук деңгээлде карала тургандыгын билдирди. Жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча тийиштүү кызматтарга тапшырма берди.

Пикир

Оставить комментарий