• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облустук милициясынын имаратында каза болгон жигиттин өлүмүнө шектелип 6 милиция кызматкери кармалды

Коом 0

Бишкек, 20.11.20. /Кабар/. Ош облустук милициясынын имаратында 26 жаштагы жигиттин өлүмүнө шектелип 6 милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

“УКМКнын тергөө органдары тарабынан Ош облустук милициясынын имаратында каза болгон 26 жаштагы К.у.М. аттуу жарандын өлүмү боюнча КР Жазык кодексинин 143-беренесинин 2-бөлүгү (кыйноо) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши иликтенүүдө. 19-ноябрь күнү аталган кылмышка шектелип Ош облустук милициясынын Криминалдык милиция кызматынын 32 жаштагы А.С., 39 жаштагы Э.У., 31 жаштагы С.Д., 32 жаштагы А.Ш., 32 жаштагы О.А. жана 34 жаштагы Ш.С. аттуу кызматкерлери кармалды”, - деп билдирет УКМК.

Учурда кармалгандар УКМКнын Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий