• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош облустук милициясынын жетекчилиги Кореянын элчиси менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 07.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 7-октябрь күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги Жеңишбек Абитов Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэ менен жолугушту. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Корея элчилигинин консулу Пак Ки Сок, элчиликтин Ош шаарындагы ассистентти Канг Чунг жана Ош ОИИБдин начальнигинин орун басарлары Талантбек Шатманов, Улан Асанбаев катышты.

Жолугушууда элчи Ли Вонджэ Ош шаарына биринчи жолу келгенин белгилеп, Ош облусундагы жашап жаткан корей жарандарынынн коопсуздугун камсыздоо боюнча кызматташуу мындан ары уланаарын белгиледи.

Ал эми Жеңишбек Абитов Ош облусунун көптөгөн жашоочулары бүгүнкү күндө Кореяда эмгектенерин белгилеп, КР Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жана Корея мамлекетинин тийиштүү кызматтары менен биргеликте жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча тажырыйба алмашуу, ошондой эле кызматташуу улана берерине токтолду.

Пикир

Оставить комментарий