• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облустук прокуратурасы 26 млн сомдон ашуун объектини кайтарды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.12.20. /Кабар/. Ош облустук прокуратурасы 26 млн сомдон ашуун объектини кайтарды. Бул тууралуу Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облустук мамлекеттик мүлк фонду тарабынан 1999-жылы «Весна» жайкы кинотеатры жер тилкеси менен кошо «А.Т.» жоопкерчилиги чектелген коомуна мыйзамсыз сатылгандыгын Ош облустук прокуратурасы аныктаган.

Ал эми, 2008-жылы аталган кинотеатрдын 332,29 чарчы метр жерине 1647,71 чарчы метр жер тилкеси негизсиз кошулуп, жалпы 1980 чарчы метрди түзгөн жер аянтына мыйзамсыз жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты берилген.

Текшерүүдө аныкталгандай, базар баасы 26 млн 57 миң сомду түзгөн бул объектинин менчик ээлери бир-нече жолу сатып-алуу келишимдеринин негизинде алмашылган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокуратура тарабынан сотко доо арыз даярдалып, анда кинотеатрды менчике чыгаруу жөнүндөгү кабыл алынган чечим, буйрук жана ортодо жүргүзүлгөн бир-нече жолку келишимдерди жокко чыгаруу демилгеленген.

Соттук кароолордун жыйынтыгы менен доо арыз толугу менен канааттандырылып, менчикке чыгарылган бардык иш кагаздар жокко чыгарылган.

Азыркы учурда, Ош облустук прокуратурасынын прокурордук сунушунун негизинде жайкы кинотеатрын жер тилкеси менен кошо мамлекеттин менчигине өткөрүү үчүн КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду ишти алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий