• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ош облустук прокуратурасы жергиликтүү бюджетке 4,6 млн сомдук зыян келтирилгендигин аныктады

Аймак 0

Бишкек, 19.11.20. /Кабар/. Ош облустук прокуратурасы жергиликтүү бюджетке 4 млн 660 миң 611 сомдук зыян келтирилгендигин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ноокат шаарынын мэриясы тарабынан 2019-2020-жылдары «Ноокат Коммунальщик» акционердик коомуна шаардын аймагында коммуналдык кызматтарды көрсөтүү, көчө-короолорун тазалоо жана башка жумуштарды аткаруу үчүн эки тараптуу түзүлгөн келишимдердин негизинде 9 806,4 сом акча каражаты субсидия катары берилген.

Бирок, Ноокат шаарынын мэриясынын жооптуу кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жергиликтүү бюджеттен акча каражатын мыйзамсыз чыгаруу максатында жогорудагы акционердик коом аткарчу кызмат көрсөтүүлөргө кайрадан мамлекеттик сатып алууларды 4 млн 660 миң 611 сомго мыйзамсыз жүргүзүп, ошол эле коммуналдык ишкананы жеңүүчү деп табышкандыгын Ош облустук прокуратурасы аныктап чыккан.

Натыйжада мамлекетке 4 млн 660 миң 611 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты 2020-жылдын 18-ноябрында Ош облустук прокуратурасы тарабынан КР Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө аракеттери башталган.

Пикир

Оставить комментарий