• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облустук прокуратурасынын бөлүмүнүн улук прокурору Шамалбек Исаев дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 12.10.20. /Кабар/. 10-октябрда Ош облустук прокуратурасынын бөлүмүнүн улук прокурору, юстициянын 2-класстагы кеӊешчиси Исаев Шамалбек Маманович 57 жашында мезгилсиз дүйнө салды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлайт.

Ал, 1963-жылдын 6-октябрында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Комсомол айылында төрөлгөн.

1993-жылдын май айында кыргыз прокуратура органдарынын кызматкерлеринин катарына кабыл алынып, алгачкы жолу ишти Ош облусундагы Өзгөн районунун стажер-тергөөчүсүнөн баштап, бүгүнкү күнгө чейин прокуратурада ар түрдүү кызматтарды аркалап келген.

Шамалбек Маманович, ишине бийик жоопкерчилик менен берилген кесипкөйлүктүн үлгүсү катарында кесиптештеринин элесинде калмакчы.

Мыйзамдуулукту чыӊдоого кошкон жеке салымы жана кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн бир канча ирет ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.

Прокуратуранын жалпы жамааты маркумдун жакындарынын жана туугандарынын тереӊ кайгыруусун жана орду толгус жоготуусун чогу бөлүшөт.

Пикир

Оставить комментарий