• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош облустук Жарандык коргонуунун кызматтары машыгуудан өттү

Аймак 0

БИШКЕК, 21.08.17. /Кабар/. Ош облусунун Араван районунда табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар пайда болуусунда жана коркунучунда Араван районунун башкаруу органдарынын күч каражаттары жана иш аракеттерин текшерүү үчүн Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын тартуу менен комплекстик райондук машыгуу болуп өттү. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Ош облустук башкаруу пункту аркылуу Облустук жана Араван райондук Жарандык коргонуу кызматтарына машыгуу башталышы боюнча “Шоола-110” сигналы берилди.

Сигнал боюнча облустук жана райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын башчылары жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын башчылары толугу менен райондук мамлекет администрациянын жыйындар залына чогулду.

Чогултулган жетекчи курамга райондук комплекстик машыгуунун өткөрүү максаттары жана тартиптери боюнча маалымат берилди.

Машыгуу жүрүшүндө облустук башкаруу пункту аркылуу сел жүрүү боюнча “Коркунуч-210” сигналын берүү менен башталып, райондук Жарандык коргонуу кызматтарына жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына 12 киргизүүлөр менен тапшырмалар берилген.

Машыгуунун максаты бул Жарандык коргонуунун жаатындагы ченемдик-укуктук актылардын аткарылышын көзөмөлдөө, өзгөчө кырдаалдар пайда болгондо күч каражаттардын эсебин жана өзгөчө кырдаалдарда ар тараптуу иш-чаралардын аткарылышы баалоо, жарандык коргонуу башкаруу органдарына баш ийген күчтөрдүн жана каражаттардын өзгөчө кырдаалдар болгондогу кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди аткаруудагы, ошондой эле жапа чеккен калкты ар тараптуу камсыздоодогу тиешелүү маселелердин туура уюштурулушу болду.

Пикир

Оставить комментарий