• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош облусу боюнча 456 адам медициналык көзөмөлдө турат - Орозбаева

Аймак 0

Бишкек, 04.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ош облусу боюнча 456 адам медициналык көзөмөлдө турат. Бул тууралуу Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Салтанат Орозбаева билдирди.

Анын айтымында, Ош облусу боюнча 169 жаран коронавирус жуктурган. "Алардын ичинен 96сы сырттан келген жарандар. Ал эми байланышта 842 адам болгон. Байланышта болгон жарандардын алгачкы ПЧР тестинде 71 жарандан илдет катталса, экинчи ирет алынган анализде 437 адамдын ичинен эки жаранда илдет аныкталган", - дейт ал.

Орозбаева маалымдагандай, Ош облусу боюнча 435 адам дарыгердин көзөмөлүнөн алынган.

"Ош шаары боюнча коронавирус жуктурган 113 учур катталган. Байланышта болгон 342 адамдын анализинин жыйынтыгында 99 адамда коронавирус катталган", - деп кошумчалады дарыгер.

Пикир

Оставить комментарий