• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош облусу боюнча обсервациядагы орундуктар жетиштүү - Каратаев

Аймак 0

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. Ош облусу боюнча обсервациядагы орундуктар жетиштүү. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, обсервациядагы орундуктар президент жана премьер-министрдин жеке көзөмөлүндө.

"Чет жактан келгендердин баары ПЧР анализдерин тапшырышат. Алар бири-бирине илдетти жуктурбаш үчүн бир бөлмөдө эң көбү экиден жаткырылат же бир үй-бүлө бир бөлмөгө жаткырылып жатат", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 21-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 22 учур аныкталып, өлкө боюнча COVID-19 вирусун жуктуруунун 590 учуру катталды. Алардын 147си медицина кызматкерлери. Стационарда 367 адам, алардын ичинен бешөө реанимацияда жатат. 216 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Жети адам каза тапты.

Пикир

Оставить комментарий