• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош облусун жана туризмди өнүктүрүүнүн стратегиялык долбоорлору талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 10.09.22. /Кабар/. Ош облусун өнүктүрүүнүн жана туризмди туруктуу өнүктүрүүнүн стратегияларынын долбоорлору талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Регионалдык экономикалык өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Ош шаарында экономика министринин биринчи орун басары Чоро Сейитовдун катышуусунда Ош облусунун туризмин өнүктүрүү стратегиясынын жана туруктуу өнүгүү стратегиясынын долбоорлорун талкуулоо максатында семинар уюштурулду.

Семинарга Бүткүл дүйнөлүк банктын долбоордук тобунун жетекчиси Тенгиз Гоготишвили башында турган АРИСтин өкүлдөрү, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү жана туроператорлор катышты.

Министрдин биринчи орун басары Сейитов стратегияларды иштеп чыгуу боюнча эксперттик топко ыраазычылык билдирип, учурда министрлер кабинетинин 2023-жылга иш-чаралар планынын долбоору иштелип жатканын белгилеп, иш-чаралар планы, Ош облусун өнүктүрүү стратегиясынын алкагында ага байланыштуу долбоорлорду Жогорку Кеңешке киргизүү үчүн сунуш кылууну өтүндү.

Иш-чаранын жүрүшүндө стратегиялардын түзүмү, максаттары жана милдеттери талкууланып, Ош облусунун жана Ош шаарынын учурдагы абалына талдоо жүргүзүлдү.

Талкуунун жыйынтыгында жашыл жана креативдүү экономиканы өнүктүрүү, экономиканы санариптештирүү, чек ара кызматташуусу жана туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү чаралары маселелерин киргизүү сунушталды.

Эске салсак, стратегиялардын долбоорлору Аймактарды изилдөө жана өнүктүрүү борбору тарабынан Ош облусу жана Ош шаары боюнча региондук экономикалык өнүктүрүү долбоорунун алкагында иштелип чыгууда.

Пикир

Оставить комментарий