• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусуна 8 даана көчмө дем алдыруучу аппарат беришти

Аймак 0

Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. Ош облусуна 8 даана көчмө дем алдыруучу аппарат беришти. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, КР өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги Ош облусуна 8 даана көчмө дем алдыруучу аппарат жана 8 даана пульсиоксиметр белек кылды.

Өкүлчүлүктөн кошумчалашкандай, медициналык жабдыктар Араван, Кара-Суу, Ноокат жана Ѳзгөн районунун ооруканаларына бөлүнөт.

Пикир

Оставить комментарий