• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош облусуна миңдеген жумуш орундарын камсыздаган өндүрүш аймагы курулат

Аймак 0

Бишкек, 28.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов Кытай Эл Республикасынын Шэньси провинциясынын Баоцзи шаарынын мэри Бао Цзиньцай баштаган бир катар жетекчилерди кабыл алды. Анда эки тараптуу кызматташуу, жаңы экономикалык байланыштарды арттыруу тууралуу сүйлөшүлдү.

Ош облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуудан соң кызматташуу жана Ош облусуна өндүрүш аймагын куруу боюнча макулдашууларга кол койду. Ал үчүн Кара-Суу районунан 400 гектар жер аянты каралган. Бул жерге келечекте өндүрүш зонасы курулса миңдеген жаңы жумушчу орундары түзүлөт. Өндүрүш аймагы 10-15 жылдан кийин жергиликтүү бийликтин карамагына өтөт. Бардык тийешелүү жагдайлар мыйзам алкагында аныкталган соң өндүрүш аймагынын курулушу 2018-жылы башталат.

Пикир

Оставить комментарий