• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош облусуна Тажикстандан жана Өзбекстандан жарандарыбыз келип жатат – Жылкыбаев

Аймак 0

Бишкек, 14.05.20. /Кабар/. Ош облусуна Тажикстандан жана Өзбекстандан жарандарыбыз келип жатат. Бул тууралуу ЭлТР каналынын түз эфиринде өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

Түз эфирде "коңшу Тажикстанда коронавирус боюнча абал курчуганы маалым. Тажикстан менен чектеш Чоң-Алай районунда каттам маселеси кандай болуп жатат? Чоң-Алай тараптан кирүүгө бөгөт коюлдубу деген суроолор берилүүдө?" деген суроо узатылды.

Жылкыбаевдин айтымында, Ош облусунда Тажикстан менен болгон чек арада эки көзөмөл өткөрмө бекети бар. Алар – "Карамык" жана "Бор-Дөбө".

"Ал экөөндө тең санитардык-карантиндик посттор бар. Бирок акыркы мезгилде "Карамык" бекетинен 10 адам эле өткөн. Алар биздин жарандар. 10 адам тең обсервацияга жаткырылып, алардан анализдер алынган. Анын экөөсүнүн анализинин жыйынтыгы оору бар экенин көрсөткөн. Алар Кара-Суудагы "Курманжан датка" клиникасына жаткырылды. Калган сегиз адам учурда обсервацияда жатат. Алардан дагы бир ирет анализдер алынып, ал таза чыкса өздөрү жашаган Чүй өрөөнүнө жиберилет. Алар үйүнө баргандан кийин да медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө болуп турушат", - деди ал.

Ал билдиргендей, учурда жарандардан ал чек ара бекеттерин жаап туруу боюнча кайрылуулар болуп жатат.

"Эми туура түшүнүшүбүз керек, Россиядагы жарандарыбызды алып келбейсиңер деп бир жагынан кыйкырып жатышат. Анан эшиктин алдында, ирегеде турган биздин жарандарды киргизбей коюу туура эмес болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан биз мамлекет катары жарандарыбызга мекенине келиши үчүн шарт түзүп беришибиз керек. Тажикстанда биздин студенттер да бар экен. Алардан элчилик аркылуу бизди алып кеткиле деген кат келип жатыптыр. Баткен аркылуу өлкөгө келгендер бар. Алардын арасынан да оору чыгып калып жатат. Өзбекстандан да ал жакта калып калган жарандар келүүдө. Бирок көп эмес. Алардан ПЧР-тест алып, обсервацияга жаткырып, анализи таза чыкса үйүнө чыгарып жатабыз. Өзбекстандан келгендердин арасынан оору деле чыккан жок", - деди ал.

Ошондой эле ал белгилегендей, өлкөгө алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерден келгендердин арасында Ош облусунун тургундары бар. Алар алгач Бишкекке келгенден кийин обсервацияда болуп, ал жактан чыгарылган соң жашаган жери боюнча үй карантинине жөнөтүлүүдө.

"Бизге келген тургундарды үй шарты ылайыктуу болсо үйүнө кое берип, болбосо обсервацияга жаткырып жатабыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий