• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош облусунан ажылыкка 300 зыяратчыдан турган алгачкы рейс учуп кетти

Аймак 0

БИШКЕК, 10.08.17. /Кабар/. Бүгүн, 10-август күнү таңкы саат 05:00дө Ош Эл аралык аэропортунда Ош облусунан ажылык сапарга баруучу зыяратчылардын алгачкы тобу Медина шаарына учуп кетишти. Бул тууралуу Ош облустук казыятынан билдиришти.

Ажылык милдетин өтөө үчүн сапар тарткан зыяратчыларды узатуу аземине Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Замир каары Ракиев, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков, Ош облусу боюнча ажылыкка жооптуу адис Акжол ажы Бакировдор катышып, зыяратчыларга ак жол каалап, ажылык амалдарын ийгиликтүү аткарып келүүсүнө тилектештиктерин билдиришти. Ал эми Азирети Муфтийдин орун басары Замир кары Ракиев ажылык милдеттерин өтөө үчүн жөнөп жаткан мекендештерибизге ажылык парз машакаттуу, сабырдуулукту жана кайраттуулукту талап кылган ибаадат экендигин баса белгилеп, зыярат учурунда бардык кыйынчылыктарга кайыл болуп сабырдуу болууга жана Сауд Арабия Падышачылыгынын мыйзамдарын сактап, ажы башчылардын көрсөтмөлөрү менен жүрүүгө чакырып, сапарларынын байсалдуу болуусуна ак батасын берди. Мындан сырткары зыяратчыларга Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбековдун эмгегине таандык ажылык амалдарды аткаруу жөнүндө чыгарылган атайын китепче таратылып берилди.

Эскерте кетсек, быйылкы жылы Ош облусунун аймагынан 36 топто жалпы 1750 зыяратчы ажылык сапарга аттанат жана учуу рейстери 20-августка чейин созулмакчы.

Пикир

Оставить комментарий