• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Ош облусунда 11 айдын жыйынтыгы менен салык жана жыйымдар 103 пайызга аткарылды

Аймак 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 15-декабрда Ош облусунун 11 айынын план тапшырмаларынын аткарылышы жана жыл жыйынтыгын натыйжалуу жыйынтыктоо боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов, тиешелүү облустук мекеме уюмдардын жетекчилери, райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдердин биринчи орун басарлары жана мамлекеттик салык кызматынын райондор боюнча башкармалыгынын жетекчилери катышты.

Күн тартибинде Ош облусунун 11 айынын план-тапшырмаларынын аткарылышы жана жыл жыйынтыгын натыйжалуу жыйынтыктоону камсыз кылуу маселеси каралды.

Маалымат үчүн: 2021-жылдын январь-ноябрь айларында мамлекеттик бюджетке чегерилүүчү салыктардын жана жыйымдардын облус боюнча болжол планы 2 млрд 656 млн 88 миң сом болсо, аткарылганы 2 млрд 748 млн 321,3 миң сомду түздү, же болжол план 103,5% аткарылып, мамлекеттик бюджеттин казынасына 92,2 млн сомго көп чегерилди. Ал эми 2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 843,8 млн сомго жогорулап, өсүү ыргагы 144,3% жетти.

Жыйынтыгында жылды жакшы жыйынтыктоо боюнча бардык чараларды көрүү жана Өнөр-жай ишканалардын өндүргөн өндүрүүсүн анализдеп, керектүү учурларда постторду уюштуруу тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий