• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош облусунда 120 балага ылайыкталган бала бакча ачылды

Өкмөт 0

Бишкек, 12-июнь /Кабар/. Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында 120 балага ылайыкталган бала бакча ишке берилди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бала бакчанын ачылыш аземине өткөн дем алыш күнү Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков катышты.

Өкмөт башчы жергиликтүү тургундарды бала бакчанын ачылышы менен куттуктап, акыркы беш жылда Кыргызстанда 833 бала бакча курулуп, мурда менчиктештирилип кеткен 144 бакча өлкөнүн мыйзамына ылайык мамлекетке кайтарылганын баса белгиледи.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков республика боюнча социалдык объектерди куруп, ички жолдорду оңдоого каржылоо көбөйөрүн билдирди. Бул жылы өлкөдө 40 райондун борборундагы жолдорго асфальт төшөлөт.

Ал тоолуу аймактардагы, анын ичинде Алай районундагы айыл чарба өндүрүшүн колдоо катары Өкмөттүн бул тармактагы негизги багыттарын атады. Тактап айтканда экспортту өнүктүрүү максатында Өкмөт тарабынан өндүрүштөгү импортту алмаштыруучу жана экспортко багытталган компанияларды каржылоо системасын киргизип, «РСК Банк» ААК өндүрүш жана экспортко багытталган ишканаларды каржылоону ишке ашырууга жооптуу кылып дайындоо чечими кабыл алынганын билдирди. Бул жылы ата мекендик айыл чарба өндүрүшчүлөрүн колдоо максатында 7 млрд сом каражат бөлүнүп, бул каражатты жыл сайын көбөйтүү пландалууда. Өкмөт тарабынан айыл чарба кооперацияларын түзүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, айыл чарбасын жакшыртуу максатында айыл чарба кооперациясы тууралуу мыйзам долбоору даярдалып жатат. Мындан сырткары жергиликтүү айыл калкын колдоого багытталган 2018-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында аймактары өнүктүрүү саясаты Концепциясы кабыл алынган.

Премьер-министр ошондой эле Ош облусунун Өзгөн районундагы А.Навои жана С.Шарипов атындагы орто мектептердин абалын көрдү. Жергиликтүү тургундар Өкмөт башчысына С.Шарипов атындагы орто мектептин имараты эскилиги жеткендиктен, жаңы имарат куруу өтүнүчү менен кайрылган. Сооронбай Жээнбеков аталган маселе иликтенип, тиешелүү чечим кабыл алынарына ишендирди. А.Навои мектебинин курулуш боюнча, билим берүү объектилеринин куруудагы тизмеге киргизилгени айтылды.

Пикир

Оставить комментарий