• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош облусунда 168 күндүзгү стационардык мекеме ачылды

Аймак 0

Бишкек, 17.07.20. /Кабар/. Ош облусунда күндүзгү стационарларда 5650 керебет орундуктар бар. Ал жакка 394 медициналык кызматкер тартылды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күндүзгү стационарларга ачылгандан бери 965 адам кайрылып, медиктердин жардамын алган. Жалпысы болуп күндүзгү стационарларга 67 кычкылтек концентратору коюлду.

Буга чейин облуста өпкөнү жасалма дем алдыруучу 105 аппараты, 267 кычкылтек концентратору болсо, акыркы айда өпкөнү жасалма дем алдыруучу бир аппарат, 200 кычкылтек концентратору алынган. Жеке тараптардан Өзгөн районуна 1 тез жардам унаасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий