• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ош облусунда дайынсыз жоголгон 17 жаштагы Авазбек кызы Зарина изделүүдө

Аймак 0

Бишкек, 16.05.22. /Кабар/. Ош облусунда Алай райондук ички иштер бөлүмү тарабынан 17 жаштагы Авазбек кызы Зарина изделүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун Мады айылынын 2005-жылы туулган тургуну Авазбек кызы Зарина 2022-жылдын 29-апрель күнү болжол менен саат 13:30дө Алай районунун Гүлчө айылындагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 155-160 см, ортодене түзүлүштө, чачы, кашы-көзү кара.

Кийимдери: кызыл түстөгү футболка, көк шым, ак түстөгү бут кийим.

"Авазбек кызы Заринаны көргөндөр же кандайдыр бир маалымат билгендер болсо төмөнкү телефондор аркылуу маалымдоону суранабыз: (03234) 5-14-72, 0558 82-48-80, 0704 89-30-34", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий