• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ош облусунда 181 адам коронавирус жуктурган, анын ичинен 17 киши ооруканада дарыланууда

Аймак 0

Бишкек, 14.05.20. /Кабар/. Ош облусунда жалпы 181 киши коронавирус жуктурган, анын ичинен 17 адам ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

"Учурда облуста абал туруктуу. Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 181ди түзөт. Бүгүнкү күнгө карата облуста жаңы учурлар катталган жок. Тилекке каршы ооруну жуктургандардын арасынан 4 адам каза болду. 160 киши айыгып чыккан, 17 адам ооруканада дарыланып жатат. 60 адам обсервацияда болууда", - деп ал, акыркы күндөрү коронавирус көбүнесе чет өлкөдөн келген жарандардын арасынан табылып жатканын айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий