• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош облусунда 20 мектеп авариялык абалда турат - Жылкыбаев

Аймак 0

Бишкек, 27.08.19. /Кабар/. Ош облусунда 20 мектеп авариялык абалда турат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди .

Ал, Ош облусу жаңы окуу жылына даяр экенин белгиледи.

Анын айтымында, 20 мектеп авариялык абалда болгонуна карабай балдар ал мектептерге барышат.

“Тилекке каршы, баардык мектептер талаптарга жооп бербейт. Бирок, биз бул маселени акырындан чечип жатабыз. Бул жылы жаңы 13 мектеп ачылат: сегизи республикалык бюджеттин эсебинен, бешөө жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулган”, - деген Жылкыбаев, облуста 533 мектеп бар экенин айтып өттү.

Ал белгилегендей, Ош облусунда мугалимдер жетиштүү эле. Бирок, орус тилдүү мугалимдер аз.

Пикир

Оставить комментарий