• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош облусунда 2017-жылы жол кырсыгынан 140 адам каза болгон

Аймак 0

Ош, 19.01.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош облусунун аймагында 2017-жылы жол кырсыгынан 140 адам каза болуп, 1317 – ар кандай даражадагы жаракаттарды алышкан. Бул тууралуу Ош облустук ИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Облус боюнча былтыр 754 жол кырсыгы катталган.

2016-жылга салыштырмалуу жол кырсыгынан каза болгондордун саны кыскарган. Ошондой эле 2017-жылы жашы жете электердин катышуусундагы жол кырсыгынын санын азайтууга жетишишкен.

ИИМдин маалыматы боюнча, 2017-жылы Кыргызстанда 6 миң 346 жол кырсыгы катталган, анда 907 адам каза болуп, 5 миң 568си жабыркаган.

2016-жылга салыштырмалуу 2017-жылда жол кырсыгынын саны 8,1% өскөн.

Пикир

Оставить комментарий