• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош облусунда 2019-жылдын 6 айында 37 жаңы ишкана ачылды

Аймак 0

Ош, 26.08.19 /Кабар/. 2019-жылдын 6 айында Ош облусунун аймагында 37 жаңы ишкана ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өкүлчүлүктүн маалыматы боюнча, 6 ай ичинде 26 өнөр жай, 10 айыл чарба жана 1 калкка кызмат көрсөтүүчү ишкана ачылган. Жалпысынан 484 жаңы жумуш оруну түзүлүп, 525 млн 100 миң сом инвестиция тартылган.

Пикир

Оставить комментарий