• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусунда 2021-жылы өспүрүмдөрдүн катышуусунда 233 жол кырсыгы катталган

Аймак 0

Бишкек, 15.01.22. /Кабар/. Ош облусунда 2021-жылы өспүрүмдөрдүн катышуусунда 233 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу 2022-жылга карата аткарылуучу иштерди талкуулоо боюнча кезектеги жыйында айтылды, - деп билдирет Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Байыш Ашырбеков жана башкармалык башчылары Уткир Умаров жана Талант Досовдон турган топ Ош облусунун аймагында кызмат өтөп жаткан жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүнө барып, жыл жыйынтыгын чыгарышкан.

Жыйынга Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги Жеңишбек Абитов катышып, ар бир район-шаарларда аткарылган иштердин жыйынтыктарын угушту.

Өткөн жыл ичинде Ош облусунун аймагында 811 жол унаа кырсыгы катталып, 139 жаран каза болгон, ал эми 1 миң 428 жаран денесинен ар кандай жаракат алып, ооруканага кайрылган. Анын ичинде жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарынын саны 233, каза болгондор 31, денелеринен ар кандай жаракат алгандар 262 болгондугун Ош ОИИБи боюнча облустук ЖККК бөлүмүнүн жетекчилиги маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий