• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош облусунда 243 млн сомго 42 жаңы обьект курулуп жатат

Аймак 0

Ош, 14-июнь /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош облусунун аймагында 42 социалдык обьект курулуп жатат. Мындай маалыматты аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Максатбек Сабиров билдирди.

Белгилүү болгондой, биринчи жарым жылда республикалык бюджеттен курулушка каражат эки этап менен бөлүнгөн. Биринчисинде бөлүнгөн 72 млн 798 миң сомго 7 социалдык обьект курулуп баштаган. Экинчи этап менен бөлүнгөн 171 млн 49 миң сом 35 обьект курууга кетти.

Жалпысынан облус боюнча 20 жаңы мектеп, 14 спорт зал, 2 медициналык мекеме жана 3 бала бакча салынып жатат.

Пикир

Оставить комментарий