• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош облусунда 6 айга жете турган дары-дармектердин запасы бар

Аймак 0

Бишкек, 27.07.20. /Кабар/. Ош облусунда 6 айга жете турган дары-дармектердин запасы бар. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов билдирди.

Анын маалыматына караганда, учурда облуста 3 айга жете турган коргонуу каражаттарынын запасы бар. Кара-Суу районунда 29 жерде 1087 орундуу күндүзгү стационарлар жана 5 жерде 173 орундуу изолятордук дарылоо мекемелери иш алып барууда.

Эске салсак, ушул жылдын 20-июлуна карата Ош облусунда 5700 керебеттүү 300гө жакын күндүзгү стационардык мекеме ачылган.

Пикир

Оставить комментарий