• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош облусунда 720 орунга ылайыкташтырылган мектеп ачылды

Аймак 0

Бишкек, 04.09.19. /Кабар/. Ош облусунун Ак-Өргө айылында 160 миллион сомдук заманбап мектеп ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Окуу жайдын ачылышына биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, райондун акими Тилек Матраимов жана жергиликтүү тургундар катышты.

Аталган мектеп 720 орунга ылайыкташтырылган. Курулуш иштери жергиликтүү Сары-Ой айыл аймагынын бюджетинин эсебинен жүзөгө ашырылган. Мектеп курууга алгач 139 миллион сом, кийин 21 миллион сом бөлүнгөн. Бөлүнгөн каражатка спорттук зал, ашкана, жыйын залы бар заманбап мектеп курулган. Ошондой эле, 32 жаңы компьютер, 4 интерактивдүү такта жана 4 проектор алынган.

Ош облусунун аймагында дагы 4 мектеп ачылды: Кара-Суу районунда 1 мектеп, Ноокатта 2, Өзгөндө 2 мектеп окууга даяр болгон. Ушул жылдын октябрь айында дагы 2 мектеп ачылат.

Пикир

Оставить комментарий