• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусунда 8 адам күйдүргүгө шектелип ооруканага жаткырылды

Ден соолук 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. Ош облусунда 8 адам күйдүргүгө шектелип ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулар республикалык борбору билдиргендей, Ош облустар аралык ооруканасына жаткырылган 8 бейтаптын бирөөндө "күйдүргү" диагнозу лабораториялык түрдө тастыкталган.

"Алардын баары дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланып, бүгүнкү күнгө карата абалы канааттандырарлык", - деп билдирет аталган борбор.

Бейтаптардын баарынан лабораториялык изилдөө үчүн анализ алынган. Ошондой эле ветеринардык кызмат менен бирге мал союлган жерден топурак текшерүүгө алынган.

Маалымат үчүн: эпидемиологиялык изилдөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, 25-июль күнү бодо мал союлуп, ага 9 киши катышкан. Малдын эти Тогуз-Булак айылында 23 үй-бүлөгө (214 киши), Талдык айылында 7 үй-бүлөгө (56 киши), Кызыл-Байрак айылында 1 үй-бүлөгө (3 киши), Беш-Мойнок айылында 3 үй-бүлөгө (12 киши) таратылган. Жалпы 285 киши аныкталып, учурда алардын баарына тиешелүү дарылар жазылып, медициналык көзөмөлдө болушууда.

Мал союлган жердин топурагын бактериоскопиялык жол менен лабораториялык изилдөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы ооруну аныктаган. Бактериологиялык жана биологиялык изилдөөлөр уланууда.

Райондо күйдүргүнү чектөө жана жок кылуу боюнча ыкчам штаб түзүлгөн. Райондук эпизоотияга жана эпидемияга каршы комиссиясынын кезексиз жыйыны болуп өткөн. Эпизоотияга жана эпидемияга каршы иштер уланууда. Эл арасында күйдүргүнүн алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий