• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусунда абал туруктуу, коронавирустан 187 адам айыкты - Жылкыбаев

Аймак 0

Бишкек, 03.06.20. /Кабар/. Ош облусунда жалпы 220 адам коронавирус жуктурса, анын 187си айыкты. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Ош облусунда учурда абал туруктуу.

"Облус боюнча коронавирустан 6 адам көз жумду. Бирөө Кара-Кулжадан, экинчиси Кара-Суу районунда. Учурда 27 жаран дарылануудан өтүүдө. Акыркы күндөрү облус аймагында коронавирус жуккан жаңы учурлар катталып, географиясы жайылууда. Кара-Кулжа районунда мурун катталган эмес, кийинки убакта чыга баштады. Андан тышкары, Араван, Алай райондорунда бир-экиден учур катталууда. Илдет көбүнчө сырттан келген жарандардан чыгууда", - дейт ал.

Жылкыбаев кошумчалагандай, коронавирус оор жүк ташуучу унаанын айдоочуларынан жана алар менен чогуу жүргөндөрдөн табылган учурлар болууда.

"Ошондой эле Россиядан "жүк 200" коштоп келген адамдардан да илдет чыгып калууда. Ошондуктан баардык коюлган талаптарды так аткарууга чакырам", - деген өкүл облуста өзгөчө кырдаал режими уланып жаткандыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий