• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош облусунда Афган согушунун ардагерлери сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 14-февралда КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Афган согушунун ардагерлерин, апаат учурунда каза болгон үй-бүлөлөрдүн жакындары менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун башчысы Афган согушунун катышуучуларынын Афганистандан чыгарылган күнүнүн 33 жылдыгына карата жана жаш муундарды мекенди сүйүүгө тарбиялоодо кошкон салымы үчүн ардагерлерге, ошондой эле апаатта каза болгон жоокерлердин жакындарына ардак грамота жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Белгилей кетсек, 1989-жылы 15-февралда советтик аскерлерди Афганистандан чыгаруу аяктаган.

Пикир

Оставить комментарий