• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусунда аткезчилик кийимдер аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.07.18. /Кабар/. Өзбекстандан Кыргызстанга аткезчилик жолу аркылуу кийим алып өтүүгө аракет кылышкан, анын жалпы суммасы 300 миң сомдон ашкан. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшү кызматынан кабарлашты.

Ош облусундагы “Кара-Суу” базарынын жанында “Хундай Портер” үлгүсүндөгү унаадан эч кандай документи жок аялдардын жана эркектердин кийимдери табылган.

Учурда аталган факты боюнча КР Кылмыш кодексинин 204-беренесине (аткезчилик) ылайык кылмыш иши козголду. Иликтөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий