• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош облусунда азык-түлүктүн запасы жарым жылга жетет - Юсупов

Аймак 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Ош облусунда азык-түлүктүн запасы жарым жылга жеткендей бар. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин азык-түлүк боюнча мониторинг жүргүзүлүп, анын запасы 6 айга жетээри белгилүү болгон.

"Акыркы күндөрү өкмөттүн резервдик фондунан 400 тонна ун бөлүнүп берилген. Ошондой эле жакында 1 миң 360 тонна ун бөлүнүп, райондорго жеткирилип жатат. Жеке ишкерлер да элди ун менен камсыз кылып жатат", - дейт ал.

Юсупов кошумчалагандай, ундун биринчи сортунун баасы 32-33 сомдон сатылып жатат.

Ош шаарынын вице-мэри Саипжан Турдуевдин айтымында, шаар боюнча 236 тонна ун бар жана азык-түлүк жетиштүү. "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө Ош шаардык мэриясынын атайын линиясы иштеп жатат. 0322 25 53 84 номерине чалып, жардам сурай аласыздар", - дейт Турдуев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 3-апрелге карата өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 130га жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда беш адам айыккан жана коронавирус жуктуруп алган 61 жаштагы бейтап каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий