• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош облусунда билим берүү деңгээлин жогорулатуу боюнча жыйын болуп өттү

Аймак 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 10-март күнү КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылары менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйында жалпы республикалык тестирлөөгө даярдык, билим деңгээлинин сапатын жогорулатуу боюнча сүйлөшүштү.

Ош облусунун башчысы буга чейин билим деңгээлин көтөрүү боюнча тапшырмалар коюлганын, жыйынтыгы окуу жылынын аягында билине турганын белгиледи.

“Кыргызстан боюнча республикалык маанидеги 2 шаар жана 7 облус болсо, билим деңгээли боюнча Ош облусу акыркы орунда жүрөбүз. Бул эмне деген көрсөткүч? Окуу жылы башталган мезгилде тапшырма бергем. Ар бир мектеп директоруна айтканбыз. Мактана турган жылыш жок. Кайрадан 9-орунда кала турган болсок, билим берүү башчылары ошол жерди ээлеп турганга моралдык укугуңуздар жок болот. Мен кет деп айтпайм, өзүңүздөр арыз жазып кетишиңиздер керек”, - деди Зиядин Жамалдинов.

Ошондой эле Зиядин Жамалдинов окуу жылдын аягына чейин билим сапатын жогорулатуу зарыл экенин кошумчалады.

“Ата-эне жана окуучулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек. Окуу жылдын аягында мектеп директорлорунун орду, сабак өтүп жаткан мугалимдердин деңгээли каралат. Мектептин жасалгасы, оңдоп-түзөө боюнча семинарлардын кереги жок. Бизге билимдин сапаты маанилүү”, - деди облус башчысы.

Мындан сырткары, ар бир райондо бүтүрүүчүлөрдү ЖРТга даярдоо, быйылкы жылы “Алтын сертификат” жана “Алтын тамга” алган окуучуларды чыгаруу боюнча иш алып баруу тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий