• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош облусунда бир бейтап коронавирустан көз жумду

COVID - 19 0

Бишкек, 09.06.20. /Кабар/. Ош облусунда бир бейтап коронавирустан көз жумду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, каза болгон бейтап 47 жаштагы аял киши.

“Ал Ош облустук ооруканасынын гематология бөлүмүндө дарыланып жаткан. 31-майда текшерүүнүн жыйынтыгы менен ал бейтаптан коронавирус аныкталган. Андан кийин ал шаардык клиникалык ооруканага которулган. Ал химия терапиясын да алып жаткан. Коронавирус жугуп калгандан кийин, ооруларынын баары күчөп, көп органдары коронавирустан жабыркаган. Реанимациялык дарылоо иштерине карабай ал кечээ күнү көз жумду. Саламаттык сактоо министрлиги бейтаптын жакындарына, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 9-июнга карата коронавирус жуктурган 23 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 2055ти түзөт. Алардын ичинен 1483 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 24 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий