• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ош облусунда бир бейтап коронавирустан каза болду — Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 13.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда өткөн сутка ичинде дагы бир бейтап коронавирустан каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Ош шаардык ооруканасында 52 жаштагы эркек киши каза болду.

"Бейтапта коронавирус оорусу өтө курч мүнөздө кармаган экен. Алгач ал амбулатордук жол менен жеке менчик процедурдук кабинетке барып, дарыланган. Бирок абалы оорлогон кезде 118 номерине байланышкан, мобилдик топ анализдерди алып, ооруканага жаткырылган. Интенсивдүү терапия жүргүзүлүп, бирок натыйжа болбой, реанимацияга жаткырылган, ага карабастан бейтап каза болду", - дейт Үсөнбаев.

Ошентип Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун саны жалпы 27 кишини түздү.

Белгилей кетсек, бүгүн, 13-июнда республика боюнча коронавирус жуккан жаңы 41 учур аныкталып, COVID-19 инфекциясын жуктуруу жалпы 2207 учурга жетти. Анын ичинен 429у медицина кызматкерлери. Жалпы илдеттен 1722 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Учурда стационарда 457 адам жатат, анын ичинен экөө реанимацияда. Ал эми коронавирус жуккан 27 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий