• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош облусунда бир чакан ГЭС ишке киргизилип, экинчисине капсула салынды

Аймак 0

Бишкек, 20.05.23./Кабар/. Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев Ноокат районунда курулушу аяктаган чакан ГЭСти ишке киргизүү иштери менен танышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус башчысы сапарынын алкагында жакында жеке ишкерлер тарабынан курула турган кичи ГЭСтин курулушуна капсула салуу аземине да катышты.

Жантаев белгилегендей, заманбап энергетика өлкө үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири, мамлекет энергетика тармагын өнүктүрүүгө каражатты жана ресурстарды жигердүү жумшоодо.

"Жеке ишкерлерди колдоого жана стимулдаштырууга өзгөчө көңүл бурулууда. Ишкерлер өз долбоорлорун ишке ашырууда мамлекет тарабынан ар тараптуу жардамдарды да алышат. Аларды колдоо жаңы жумуш орундарын түзүү менен аймакка чоң пайда алып келерин түшүнүшүбүз керек. Жергиликтүү тургундар чакан ГЭСке жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушса, бул жергиликтүү бюджетке салыктын түшүүсүн көбөйүшүнө да шарт түзөт. Мындан тышкары, өндүрүлгөн электр энергиясы энергетика системасын чыңдоого жана жалпы энергетикалык балансты жакшыртууга жумшалат", - деген облус башчысы инвесторлорго ыраазычылык билдирди.

Соңунда Жантаев мындан аркы ийгиликтүү кызматташууну жана келечекте ушул сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий