• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ош облусунда бир райондон экинчи районго өтүүгө тыюу салынган – Жылкыбаев

Аймак 0

Бишкек, 02.05.20. /Кабар/. Ош облусунда бир райондон экинчи районго өтүүгө тыюу салынган. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

Анын айтымында, облуста айыл ичиндеги бекеттерди кошпогондо жалпы 86 пост орнотулган.

"Облус боюнча 14 гана пост калды. Алар райондордун ортосунда, облуска кире бериште жана Ош шаарында турат. Посттор облуста өзгөчө кырдаал режими сакталгандыктан толук алына элек. Райондон башка райондорго өтүүгө тыюу салынган", - деди ал.

Белгилей кетсек, Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылган.

Пикир

Оставить комментарий