• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош облусунда COVID-19 жуктургандар менен байланышта болгондор текшерилүүдө - штаб

COVID - 19 0

Бишкек, 26.04. 20. /Кабар/. Ушул жылдын 25-апрелинен баштап Ош облусунун Ноокат, Өзгөн, Кара-Суу, Чоң-Алай райондорунун аймагында, короновирус илдетине чалдыккан жарандар жашаган айылдарда атайын дарыгерлерден түзүлгөн мобилдик топтор, байланышта болгондорду, үй карантиндегилерди кыдыра баштады. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Анда карантирдик талаптарды сактоо менен бул жарандардын дене табы текшерилип, ПЧР анализдери алынат.

Буга чейин 25-марттан тартып мобилдик бригадалар үй карантинде болгон Ош облусунун 11 898 тургунун карап, бүгүнкү күндө үй карантининдеги 9 138 жаранды көзөмөлдөн чыгарышты.

Бүгүнкү күндө Өзгөн районунда 5 мобилдик топ 174 жаранды, Кара-Сууда 18 мобилдик топ илдет аныкталган 27 жарандын туугандары, жакындары болгон 301 жаранды, Чоң-Алайда байланышта болгондордун баарын текшерди.

Пикир

Оставить комментарий