• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусунда дары-дармектин эки айлык запасы бар — Жылкыбаев

Аймак 0

Бишкек, 10.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ош облусунда дары-дармектин эки айлык запасы бар. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, өкмөт тарабынан облуска 50 даана жасалма дем алдыруучу аппарат жиберилген.

“Ошто жеке коргонуучу каражаттын бир жолку колдонуучу 16 миң даана, көп жолку колдонуучу 2,5 миң даанасы бар. Ошондой эле 200 миң беткап, 15 миңдей респиратор бар. Учурда демөөрчүлөрдөн жана чет жактагы жарандарыбыздан да жардамдар келүүдө. Бюджеттен да акча каралган”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий