• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош облусунда майыптыгы бар жарандарды колдоо боюнча бир айлык старт алды

Аймак 0

Бишкек, 29.11.21. /Кабар/. КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун демилгеси менен Араван районундагы майыптыгы бар жарандар үчүн майрамдык салтанат уюштурулду. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага 200дөн ашуун жаран катышып, алар үчүн Н.Шамурзаев атындагы Ош облустук куурчак театры тарабынан даярдалган жомок, Бабур атындагы Ош Мамлекеттик Академиялык өзбек музыкалуу драма театрынын артисттери тарабынан даярдалган "Буратинонун жоруктары" шоу программасы жана концерттик номерлер тартууланды. Ошондой эле катышуучуларга атайын даярдалган белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек, 3-декабрь - майыптыгы бар адамдардын бүткүл дүйнөлүк күнү катары белгиленип келет. Буга байланыштуу Ош облусунда майыптыгы бар жарандарды колдоо боюнча бир айлык иш-чараларды өткөрүү планы бекитилген.

Пикир

Оставить комментарий