• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ош облусунда дезинфекциялоо, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 17.07.20. /Кабар/.Өлкө аймагына коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында Ош облусунун аймагында дезинфекциялоо иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 16-июль күнү КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынын райондук бөлүмдөрү тарабынан коронавирус илдетин алдын алуу боюнча залалсыздандыруу иш-чаралары жүргүзүлдү.

Өзгөн райондук Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн 2 куткаруучусу колдо чачуучу аппарат менен дүкөндөрдө жана мекеме ишканаларда, эл көп чогулган жайларда жалпысынан 500 м² аянт жерде дезинфекциялоо иштерин жүргүздү.

Ноокат районунун эл көп барган жерлерине колдо чачуучу апараттын жардамы менен залалсыздандыруу иштери болуп өттү.

Чон-Алай районунда Дароот-Коргон айылындагы мекеме ишканаларда жана азык түлүк дүкөндөрүнө залалсыздандыруу иштери жүргүзүлдү.

Кара-Суу райондук борбордук базарынын айланасы дезинфекцияланды.

Кара-Кулжа районунун базары, банктары жана башка эл көп барган жерлер залалсыздандырылды.

Ошондой эле, Ош облусунун райондук Өрткө каршы куткаруу бөлүктөрү тарабынан райондук денгээлдерги шаарлардын ички чарбалык жолдорунда, анда жайгашкан банк, дарыкана, мекеме ишканаларда жана кичи базарларда залалсыздандыруу иштери ошондой эле катуу үн чыгаруучу аппараттын жардамы менен илдетке каршы түшүндүрүү иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий